БЛИНДАЖ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:18, 20 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛИНДА́Ж (фр. blindage; blinder – калкалап жабуу дегенден) – өздүк курамды пулемёттун, артиллериянын, миномёттун огунан жана массалык кыргын салуучу куралдан коргоочу жай (жертөлө). Блиндаж темир-бетон, жыгач, таш, топурак, ошондой эле өнөр жай конструкцияларынан курулат. Биринчи (1914–1918) жана (1939–1945) экинчи дүйнөлүк согуштарда Блиндаждар көп курулган.