БОЁКТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:07, 20 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЁКТОР , с ү р ө т и с к у с с т в о т е х н о л о г и я с ы н д а – атайын даярдалган суюк, илешкек, катуу заттар менен кошундулар. Алар жетиштүү туруктуулукка, жакшы боёочу жөндөмгө, жогорку түстүк сапатка ээ. Живопистеги ар бир боёочу материалдардын түстүк негизи (пигмент) күкүм түрүндөгү боёктордон турат. Живопись техникасынын кээ бир бөтөнчө түрлөрүнүн айырмаланган касиеттери Боёкторго кошулган жабыштыргыч заттардын өзгөчөлүктөрүнө жараша болот (к. Майбоёк живописи, Акварель, Темпера, Гуашь, Желим живописи, Пастель, Энкаустика). Боёктор минералдык (органикалык эмес туздардан жана материалдын оксидинен турган) жана органикалык (негизинен өсүмдүктөн жана малдан алынган татаал бирикмелерден турган) болуп бөлүнөт. Алар да табигый жана жасалма түрүндө болушу мүмкүн. Салыштырмалуу жука катмарда жарыкты өткөргөн Боёкторду тунук, жарым тунук же лессировкалык деп бөлүшөт. Акварелдик Боёктор суу Боёктор деп аталат. Азыркы учурда живопись үчүн Боёктордун 150дөн ашуун түрү белгилүү. Алардын ичинен цинктүү ак, коргошундуу ак, стронцийлик сары, кармин хром, охра, сиена, ультра, кызыл киноварь, краплак, жашыл киноварь, жашыл изумруд, кобальт, көк ультрамарин, күйгүзүлгөн пил сөөгү көбүрөөк колдонулат.
М. Карыбекова.