БОНДАРЧУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:41, 24 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОНДАРЧУ́К Сергей Фёдорович (25.9.1920, Одесса облусу, Белозёрка кыштагы – 20.10.1994, Москва) – актёр жана кинорежиссёр, сценарист, педагог. СССР эл артисти (1952), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1980). Ростов-на-Дону театр окуу жайында окуган. 1948-жылы С. А. Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография университетинин (ВГИК) актёрдук факультетин бүтүргөн. Кинодо биринчи жолу С. Е. Герасимовдун «Жаш Гвардия» тасмасында Вальконун ролун аткарган. «Тарас Шевченко» тасмасындагы(1952) башкы ролду аткаруусу жаш актёрдун чыгармачылык ийгилиги болгон. Кийинки кинодогу мыкты ролдору: Отелло («Отелло», 1956), Соколов («Адам тагдыры», 1959), Пьер Безухов («Согуш жана тынчтык», 1966–1967). 1977-жылы А. П. Чеховдун «Талаа» чыгармасын экрандаштырган. «Жаны тынбаган кыз» (1955), «Серёжа» (1960), «Ваня ага» (1971) тасмаларында актёрдун лирикалык мүнөзү ачылган. «Адам тагдыры» тасмасын өз алдынча коюп, режиссёр катары таанылган. Анын «Алар Мекен үчүн салгылашкан» (1975), «Ватерлоо» (1970), «Кызыл коӊгуроолор» (1982), «Согуш жана тынчтык» тасмаларында дүйнөгө белгилүү актёрлор В. М. Шукшин, А. П. Кторов, О. Уэллс, Р. Стайгер жана башкалар башкы ролдорду аткарышкан. «Римде түн болчу» (1960), «Согуш жана тынчтык» төрт сериялуу эпопеясы үчүн «Оскар» сыйлыгын алган (1968). Лениндик сыйлыктын (1960), эки жолу СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1977, 1984). Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

С. Ф. Бондарчук «Согуш жана тынчтык»
фильминде Пьер Безуховдун ролунда. 1966–67.