БООРСОК
БООРСОК – майга бышырылган нан; кыргыздын эӊ сыйлуу тамак-ашынын бири. Ал көбүнчө ачытылган камырдан жасалат. Камыр ачыганда ченеми менен тоголоктоп, жукартып жаят, узатасынан тилип, аларды түрдүүчө кесип, казандагы кайнап жаткан майга салып бышырат. Боорсок жуурулушу, кесилиши жана даярдалышы жагынан бир нече түргө бөлүнөт: Мисалы:, чарчы Боорсок – жумшак жуурулуп, кыйгачынан чарчы кесилет; чий Боорсок – камырга май, кумшекер кошуп, сүткө катуу жуурулат, узундугу 4–5 сантиметрдей болуп кесилет; бал Боорсок – катуу ийленген камырды 2 милиметр калыӊдыкта жайып, ичке кесет жана бышыргандан кийин кенен идишке салып, үстүнө ысытылган бал куюлат; кыртылдак Боорсок – каймак, кумшекер кошулуп, камыры жумшак жуурулат, жука жайылып, кыя кесилет.
