БОРБУГУЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:12, 24 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРБУГУЛОВ Мухтар (5. 5. 1930, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Ак-Тоок айылы – 13. 10. 2004, Бишкек) – жазуучу, адабиятчы, сынчы, драматург. Кыргыз эл жазуучусу (1996), филология илимдеринин доктору, профессор, (1967), Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998). Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1946), Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун тил жана адабият факультетин (1953), Москвадагы М. Горький атындагы адабият институтунун аспирантурасын (1956) бүтүргөн. 1956–1957-жылдары «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, 1957-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, доцент, кафедра башчысы, «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы (1988), Кыргыз энциклопедиясынын башкы редактору (1988–1993) болуп иштеген. Адабий чыгармачылыгы 1949-жылы башталган. 1955-жылы «Тамсилдер жана ырлар» аттуу алгачкы жыйнагы жарык көргөн. «Элеттик жигит» романында (биринчи китеби – 1965, толук бойдон – 1989) кыргыз интеллигенциясынын турмушу, коомдук рухий маселелер чагылдырылган. Борбугулов кыргыз адабиятында тамсил жанрын калыптандырууда белгилүү роль ойногон. «Кыргыз драматургиясынын өсүү жолу» (1958), «Турмуштун тереӊин көздөй» (1967), «Учу-кыйырсыз жол» (1968), «Кенч капкасын ачып» (1975), «Адабият теориясы» (1996) аттуу эмгектери кыргыз адабиятынын урунттуу маселелерин, «Манас» эпосун, андагы башкы каармандын образынын байыркы башаттарын иликтөөгө арналган. Повесттер, аӊгемелер, тамсилдер, ырлардан турган жыйнактары, «Барпы» аттуу пьесасы жарык көргөн. «Горькое лекарство» тамсилдер жыйнагы (1958), «Джигит из глухого аила» романы (1968), «Бабушка и спутник» комедиясы (1977) орус тилинде басылып чыккан. 1981-жылы «Улуттук жана интернационалдык биримдик» деген китебине СССР Жазуучулар союзунун сыйлыгы ыйгарылган.
Эмг.: Тамсилдер, Ф., 1956, 1960; Кыргыз совет драматургиясынын өсүү жолу. Ф., 1958. ж. б.