БОСТОН АСЕМ ИСКУССТВО МУЗЕЙИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 24 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БО́СТОН АСЕМ ИСКУ́ССТВО МУЗЕЙИ СССТОН АСЕМ ИСКУССТВО МУЗЕЙИ– Америка Кошмо Штаттарындагы ири көркөм музейлердин бири (1870-жылы негизделген). Музейде Египет, Грекия, Рим искусствосунун эстеликтери топтолгон. Орто кылымдагы Кытай жана Япония, Индия, Азия өлкөлөрүнүн искусствосу (скульптура, живопись, карапа), Англиянын күмүштөн жасалган буюмдары, Франциянын импрессионисттеринин картиналары, XVIII–XX кылымдардагы Америка живописи (Г. Стюарт, Ж. Вашингтондун портрети, 1796) жана башка кооздоо жана көркөм сүрөт искусствосунун эстеликтери сакталган.