БОТТИЧЕЛЛИ
БОТТИЧЕ́ЛЛИ Сандро (чын аты-жөнү – Алессандро ди Мариано Филипепи) (1445-жыл чен, Флоренция – 17. 5. 1510, ошол эле жер) – италиялык сүрөтчү. Алгачкы Кайра жаралуу доорунун өкүлү, Флоренция мектебинин ири живописчилеринен. Боттичеллинин алгачкы чыгармасы – «Сыйкырчылардын сыйынышы» (1475–1478, Флоренция, Уффици галереясы). Айрым чыгармаларында («Күч», 1470, Флоренциядагы Уффици галереясы; «Ыйык Себастьян», 1474, Берлин-Далемдеги сүрөт галереясы) сүрөтчүлөр А. Верроккью менен А. Поллайолонун таасири ачык байкалат. Диний жана мифологиялык темадагы чыгармалары («Жаз», 1477-78; «Венеранын төрөлүшү», 1484-ж. ч. – 85) жандуу поэзиясы жана кылдат колорити менен айырмаланат. Портретчи катары Боттичелли – курч мүнөз түзүүнүн, адамдын ички сезимдерин айкын ачуунун чебери болгон. 15-кылымдагы Италия искусствосунун эӊ сонун салттарына каныккан Боттичеллинин чыгармачылыгы ошол мезгилдеги Флоренциянын рухий турмушундагы карама-каршылыкты тереӊ чагылдырган.

Ад.: Гращенков В. Сандро Боттичелли. М., 1960.