ВЕЗАЛИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:02, 10 Июль (Теке) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕЗА́ЛИЙ (Vesalius) Андреас (31.12.1514, Брюссель – 15.10.1564, Закинф аралы) – табият таануучу, илимий анатомияга негиз салуучу. 1532-жылдан Монпелье университетинде, кийин Парижде медицинаны окуган. 1537-жылы медицинанын доктору, 1539-жылдан Падуя университетинде (Италия) өлүктү союп көрсөтүү менен анатомия сабагын окуткан. «Адам денесинин түзүлүшү жөнүндө» деген эмгегинде өзүнүн изилдөөлөрүнүн негизинде кишинин дене түзүлүшүн сыпаттап жазган. Ал эмгеги азыркы анатомиянын илимий негизи болуп калган. Везалий «Анатомиялык таблицаны» түзгөн жана «Кан агызуу жөнүндө кат», ошондой эле жаӊы такталган анатомиялык терминдерди киргизген.
Эмг.: О строении человеческого тела. М., 1950 –1954. Т. 1 – 2.
Ад.: Куприянов В. В. А. Везалий в истории анатомии и медицины. М., 1963 (библ.); Терновский В. Н. А. Везалий. М., 1965 (библ.).