ВЕЗЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:02, 10 Июль (Теке) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́ЗЕР – Германиядагы дарыя. Верра жана Фульда дарыяларынын кошулушунан пайда болот. Узундугу 440 км (Верранын башатынан 724 км), алабынын аянты 46 миӊ км2. Түндүк Герман ойдуӊу аркылуу агып, Түндүк деӊизге куярда эстуарийди пайда кылат. Орточо чыгымы 312 м3/сек. Кеме Кассель шаарынан (Фульда дарыясынын боюнда), деӊиз кемелери Бремен шаарынан баштап жүрөт. Эльба жана Эмс дарыялары менен каналдар аркылуу туташат. Чатында Бремерхафен деӊиз порту жайгашкан.