ВЕЗЛЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:06, 10 Июль (Теке) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕЗЛЕ́ – Франциядагы шаар. Бургундияда, Йонна департаментинде. Калкы 0,5 миӊдей (2006). 858–859-жылдары негизделген. 9–11-кылымдарда Ыйык Магдалинага зыярат кылуучу жайга айланган. Орто кылымдагы дубал (12-кылым) менен дарбазалардын (Порт-Нёв, 14–16-кылымдар) калдыктары сакталган. Шаардын борбордук бөлүгүндө Ыйык Магдалина

Ыйык Магдалина монастырь чиркөөсү.

аялдар монастыры роман чиркөөсү менен бар. Чиркөө ансамбли менен Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Везлеге жакын чиркөөлөр, археологиялык музей, сепил жайгашкан. Шаар айланасында жүзүмчүлүк өнүккөн.