ВЕЛЛИНГТОН Артур Уэлсли

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:59, 10 Июль (Теке) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ВЕЛЛИНГТОН to ВЕЛЛИНГТОН Артур Уэлсли) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́ЛЛИНГТОН Артур Уэлсли (1.5.1769, Улуу Британия, Дублин–14.9.1852, Кент графтыгы) – британиялык аскер башчы жана мамлекеттик ишмер, герцог (1814), дипломат. 1787-жылы аскер кызматына өтүп, 1794–95-жылдары Фландриядагы согуштук аракеттерге катышкан, 1796-жылы Индияга жөнөтүлүп, 1803-жылы Ассайенин алдында маратхалардын үстүнөн жеӊишке жетишип, өзүн мыкты аскер башчы катары тааныткан. Мекенине кайтып келген соӊ, рыцарлык наам ыйгарылган. 1808-жылы Португалияда француздарга каршы согушуп жаткан союздаштар армиясынын башчылыгына дайындалат. Саламанканын (1812), Викториянын (1813) алдындагы салгылаштарда француздарды талкалаган (1814–15). 1813-жылы фельдмаршал наамы, 1814-жылы герцог титулу ыйгарылган. Вена конгрессине катышып, 1815-жылы Ватерлоонун алдында англия-голландиялык аскерлерди жетектеп, Наполеондун армиясын талкалаган. 1827–52-жылдарда англиялык армиянын башкы командачысы. 1818-жылдан саясий карьерасын баштап, армияны артиллериялык жана техникалык жактан камсыздоо министри, премьер-министр (1828–30), тышкы иштер министри (1834–35) кызматтарын ээлеген.