ВЕЛЛИНГТОН шаары

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:08, 10 Июль (Теке) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ВЕЛЛИНГТОН 1 to ВЕЛЛИНГТОН шаары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́ЛЛИНГТОН – Жаӊы Зеландиянын борбор шаары. Түндүк аралынын түштүгүндө, Кук кысыгынын жээгинде жайгашкан ири порт (жылына 15 млн тдай жүк ташылат). Калкы 417,0 миӊ (2017). Темир жол түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. 1853-жылы шаар өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ болгон. 1848- жана 1855-жылдарда жер титирөөдөн жабыркаган. 1865-жылдан Жаӊы Зеландиянын борбору. Көптөгөн көпүрөлөр, виадуктар, тоннелдер, парк, скверлер бар, соборлор, чиркөөлөр, неоклассикалык стилде салынган өкмөт үйү, эдвардиан стилиндеги парламент үйү (20-кылым) бар. Жыгачтан курулган курулуштар басымдуу. Эстеликтер, Жаӊы Зеландия Королдор коому, Виктория университети (1899; анын астында музыка мектеби), Улуттук архив, Улуттук китепкана

Шаардын ишкер бөлүгү.

жана Улуттук музей (1998, маори искусствосу), Шаар музейи, К. Мэнсфилд мемориалы, Улуттук сүрөт галереясы, опера театры, Улуттук бий мектеби, Картер обсерваториясы, зоопарк, ботаникалык бак бар. Веллингтон – өлкөнүн башкы экономикалык борбору. Тамак-аш (анын ичинде эт, сүт), жеӊил, кагаз, эмерек, жыгаччылык, транспорт, электр-техника, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Туризм өнүккөн. Веллингтонго жакын шарап даярдоочу Мартинборо жана Мальборо аймактары жайгашкан.