ВЕЛОДРОМ
ВЕЛОДРО́М в е л о т р е к (велосипед ж-а гр. drjmos – чуркоо, чуркоо үчүн жай) – велосипед спорту б-ча мелдештер өтүүчү ачык же жабык курулуш. Биринчи В. Россияда Тула ш-нда 1897-ж., Кырг-нда Бишкекте (Фрунзеде) 1966-ж. курулган. В. трибуналуу тректен (тегерек жай) ж-а көмөкчү бөлмөлөрдөн турат. Айланма жолунун эни 4–10 м, уз. 200–500 м болот. Азыркы кезде тректин жолунун уз. 250 м, 333 м, 400 м болгон 3 түрү кеӊири таралган. В-дун жолу асфальт, тактай, бетон м-н капталат.