ВЕЛОДРОМ
ВЕЛОДРО́М, в е л о т р е к (велосипед ж-а гр. drjmos – чуркоо, чуркоо үчүн жай) – велосипед спорту боюнча мелдештер өтүүчү ачык же жабык курулуш. Биринчи Велодром Россияда Тула шаарында 1897-жылы, Кыргызстанда Бишкекте (Фрунзеде) 1966-жылы курулган. Велодром трибуналуу тректен (тегерек жай) жана көмөкчү бөлмөлөрдөн турат. Айланма жолунун эни 4–10 м, узундугу 200–500 м болот. Азыркы кезде тректин жолунун узундугу 250 м, 333 м, 400 м болгон 3 түрү кеӊири таралган. Велодромдун жолу асфальт, тактай, бетон менен капталат.