ВЕНА АРБИТРАЖДАРЫ (1938, 1940)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 11 Июль (Теке) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́НА АРБИТРАЖДАРЫ (1938, 1940) – Германиянын жана Италиянын фашисттик өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнүн Чехословакия менен Румыниянын бир кыйла жерин Хорти башкарган Венгрияга берүү жөнүндөгү эки чечиминин аты. Ага Венада кол коюлган. 1938-жылы 2-ноябрдагы биринчи арбитраждын натыйжасында Германия менен Италия Словакиянын түштүк райондорун жана Закарпат Украинасын Венгрияга берүүгө Чехословакияны мажбур кылган. Экинчи арбитраж боюнча (1940-жыл, 30-август) Түндүк Трансильвания Румыниядан Венгрияга өткөн. Натыйжада Венгрия менен Румыниянын ортосундагы карама-каршылыкты пайдаланып, Германия экөөнү теӊ баш ийдирип алган. Вена арбитраждары 1947-жылы Париж тынчтык келишими менен жоюлган.