ВЕНА КЛАССИКАЛЫК МЕКТЕБИ
ВЕ́НА КЛАССИКАЛЫК МЕКТЕБИ – 18-кылымдын 2-жарымы – 19-кылымдын башында Австрияда калыптанган музыкалык чыгармачылыктын багыты. Өкүлдөрү – Й. Гайдн, В. Моцарт, Л. ван Бетховен. Алар профессионал жана элдик музыканын өнүгүү тажрыйбаларын жалпылоо менен универсалдуу музыкалык тил иштеп чыгышкан. Алардын аспаптык түрмөктөрүнүн – симфониялык, камералык ансамбль чыгармаларынын өзөгүн соната формасы түзөт. В. Моцарт, Л. Бетховен опера, Й. Гайдн оратория жаатында зор ийгиликке жетишкен. Вена классикалык мектебинин композиторлорунун чыгармачылыгы дүйнөлүк музыка өнөрүнүн гүлдөө мезгили болгон.