ВЕЛОСИПЕД
ВЕЛОСИПЕ́Д (лат. velox – тез, ылдам ж-а pes – бут) – адамдын булчуӊ күчү м-н кыймылга келип, биринин артына бири жайгашкан дөӊгөлөктөрдөн туруп, рама м-н бириктирилген транспорт каражаты. Туӊгуч В-ди (4 дөӊгөлөктүү өзү жүрүүчү арабаны) ар кайсы өлкөлөрдүн (Германия, Франция, Россия, Англия) ойлоп чыгаруучулары жасашкан. Алдыӊкы дөӊгөлөгү (жетелөөчү) чоӊ, арткы дөӊгөлөгү кичине болгон, эӊ алгачкы педалдуу В-ди орус мастери Е. М. Артaмонов жасаган. 1808-ж. Парижде рулдук башкаруусу жок эки дөӊгөлөктүү В. жасалып,
Рулдук башкаруусу жок велосипед, 1837-жыл.
Педалы алдыӊкы дөӊгөлөккө бекиген велосипед, 1866-жыл.
Чынжыр аркылуу кыймылга келүүчү велосипед, 1880-жыл. ал бут м-н жерди түртүү аркылуу кыймылга келген. 1863-ж. ага-ини Пьер ж-а Эрнст Мишо алдыӊкы дөӊгөлөгүнө бекиген педалдуу оюнчук В. ойлоп табышкан. В-дин түрү ж-а констр-сы улам өркүндөтүлүп, 19-к-дын аягында – чынжыр аркылуу кыймыл берүү, шариктүү подшипник (1877), жел толтурулган (пневматикалык) шина (1889), кыймылды алмаштыруучу механизм (1889) киргизилген. 20-к-дын башынан баштап кеӊири таралган жеке транспорт каражаты. Себеби пайдаланууга ыӊгайлуу, баасы арзан. Арналышына ж-а констр-сынын өзгөчөлүгүнө жараша жол жүрүүчү (эркектер ж-а аялдардыкы), өспүрүмдөр ж-а балдар үчүн, спорттук ж-а атайын В. болуп айырмаланат. Спорттук В-дин эки орундуулары
Азыркы велосипед. да бар. Атайын В-ге: циркте пайдаланылуучу, жүк ташуучу, үч дөӊгөлөктүү (улгайгандар үчүн) ж. б. велокoляскалар кирет. Жүк ташуу үчүн В-ге чиркелме түзүлүштөр, о. эле айрымдарына асма мотор орнотулат.