БАНКА (калай кен тобу)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:51, 12 Июль (Теке) 2024 карата Ayday (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БА́НКА – калайдын чачынды кендеринин дүйнөдөгү ири тобу. Индонезиянын Түштүк Суматра провинциясында, Банка аралында жайгашкан. 16-кылымдан белгилүү; 1710-жылдан казып алынат. Геологиялык чалгындалган запасы 500 миӊ т га жакын. Калайдын негизги запасы негизинен деӊиз жээктериндеги жана шельфтериндеги аллювий, элювий, жээк жана шельф чөкмөлөрүндө топтолгон. Калай минералдары топтолгон негизги чөкмө 0,2–2,0 м калыӊдыктагы кум катмары. Ал касситериттүү (2–10 кг/м3) кварц сыныктары, турмалин, монацит, рутил, ильменит минералдарынан турат. Бул аймакта калайдын дагы 20дан ашуун кени бар, алар азырынча иштетилбейт.