БАНТУСТАНДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:07, 12 Июль (Теке) 2024 карата Ayday (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНТУСТАНДАР, х о у м л е н д д е р – 1951–94-жылдарда Түштүк- Африка Республикасынын (ТАР) бийликтери тарабынан жергиликтүү африкалыктар жашаган аймактарда уруулук белгилери боюнча түзүлгөн мамлекеттик бирикмелер. Бантулардын өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү боюнча 1959-жылдагы мыйзамга ылайык ар кандай режимдеги 10 бантустан түзүлгөн. Алардын төртөөнө көз каранды эместик, алтоосуна өз алдынча башкаруу укугу берилген. Булар – Транскей, (1976), Бопутатсвана, (1977), Венда (1979) жана Сискей (1981) мамлекеттери. Ар бир мамлекет демократиялык конституцияларды кабыл алышкан. Бирок, чындыгында алардын «суверендүүлүгү» желек жана гимнге ээ болуу менен гана чектелген. Саясий жана экономикалык жактан толугу менен Түштүк-Африка Республикасынын өкмөтүнүн көзөмөлүндө турган. 1980-жылдарда Бантустандарда ич ара чатактар, төӊкөрүштөр токтобой койгон. 1992-жылы Сискейдин полициялык күчтөрү Бишодогу Африка улуттук конгрессинин демонстрациясынын катышуучуларын кандуу жазалоого катышкан. 1994-жылдагы демократиялык шайлоолордон кийин жоюлган.