БАРАНСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 12 Июль (Теке) 2024 карата Ayday (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРА́НСКИЙ Николай Николаевич (15. 7. 1881, Томск шаары – 29. 11. 1963, Москва) – экономист, географ, коомдук ишмер. СССР Илимдер Академиясынын корреспондент мүчөсү (1939), Москва университетинин профессору (1929), РСФСРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1943), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1962). Москва коммерция институтун бүтүргөн (1914). Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде (1941–43) Алматыда жашап, Казакстан педагогикалык институтунда эмгектенген. Ошол жылдары СССР Илимдер Академиясынын Казакстандагы филиалында география секторун башкарган. Москва мамлекеттик университетинде экономикалык география кафедрасын жана география факультетин уюштурган. СССРдин экономикалык географиясы боюнча окуу китептерди жазган. 1935-жылдан 16 жолу басылып чыккан 8-класс үчүн окуу китеби 1952-жылы СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Экономикалык география жана экономикалык картографиянын теориясы менен методологиясы, шаардын географиясы жөнүндөгү эмгектердин автору. Үч Ленин ордени ж. б. орден, медалдар менен сыйланган. Курил аралындагы жанар тоолордун бирине Баранскийдин ысмы коюлган.
Эмг.: Экономическая география. Экономическая картография. 2-изд. М., 1960; Методика преподавания экономической географии. М., 1960; Научные принципы географии. Избр. труды. М., 1980; Становление советской-экономической географии. Избр. труды. М., 1980; Моя жизнь в экономической географии. М., 2001.