БАРАТАЛИЕВ Керим

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:06, 12 Июль (Теке) 2024 карата Ayday (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРАТАЛИЕВ Керим (1937-жылы туулган, Сузак району, Кайтпас айылы) – математика илимдеринин кандидаты (1964), профессор (1998); Кыргыз Республикасынын Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2006). 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин бүтүргөн. 1964-жылдан КМУнун математикалык анализ кафедрасынын окутуучусу, доценти, профессор, 1992-жылдан ал кафедранын башчысы. Эл агартуунун отличниги (1985). Илимий иштери негизинен үчүнчү түрдөгү интергалдык теӊдеменин жалпы теориясын түзүүгө арналган. Бир нече илимий эмгектин, анын ичинде 1 монография жана ЖОЖдор үчүн окуу китептеринин автору.
Эмг.: Некоторые методы решения некорректных задач математической физики. Б., 1991; К теории интегральных уравнений третьего рода. Б., 2004; Математикалык анализ. I–II бөлүк. Б., 2000–2002.