БАРГУЗА КЫРКА ТООСУ
БАРГУЗА́ КЫРКА ТООСУ Россиянын Чыгыш Сибирь (Бурятия) бөлүгүндө, Байкал көлүнүн түндүк-чыгыш жээгин бойлой 280 кмге созулуп жатат. Бийиктиги 2841 мге чейин. Гранит, кристалдык сланецтен турат. Батыш капталын мырза карагай-кызыл карагайлуу жана күӊүрт ийне жалбырактуу тайга, чыгышын кызыл карагайлуу токой ээлейт. Минералдуу булактары бар. Батыш капталында Баргуза коругу, Забайкалье улуттук паркы уюшулган.