БАРЕНЦ ДЕӉИЗИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 22 Июль (Теке) 2024 карата Ayday (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БА́РЕНЦ ДЕӉИЗИ – Түндүк Муз океанындагы четки деӊиз. Европанын түндүк жээги менен Шпицберген, Франц-Иосиф жери жана Жаӊы-Жер аралынын ортосунда. Россия менен Норвегиянын жээктерин чулгап жатат. Түштүгүндө Кара Дарбазасы кысыгы аркылуу Кара деӊизи, Горло жана Воронка кысыктары аркылуу Ак деӊиз менен туташат. Аянты 1424 миӊ км2. Көп бөлүгү шельфте жайгашкан; тереӊдиги 360–400 м, эӊ тереӊ жери 600 м. Суусунун көлөмү 316 миӊ км3. Жээктери булуӊ-буйткалуу, бийик, аскалуу. Деӊиз түбү кум-шагылдуу. Канин Нос жарым аралынан чыгышыраак жапыз, булуӊ-буйткалар аз. Булуӊдары: Порсангер-фьорд, Варангер-фьорд, Мотов, Кола, Печора, Чеша ж. б. Ири аралы – Колгуев. Печора дарыясы куят. Атлантика океанынан келген жылуу агымдын таасиринен деӊиздин түштүк-батыш бөлүгү тоӊбойт (суунун температурасы февралда 3–5°С, августта 7–9°Сга жогорулайт), бирок Түндүк Муз океандын муздак агымынан климаты өзгөрүп турат. Кышында түштүк-батыш, жазында жана жайында түндүк-батыш шамалдары басымдуу. Февралдын орточо темппературасы түндүгүндө –25°С, түштүк-батышында –4°С; августта түндүгүндө 0°С–1°С, түштүк-батышында 10°С. Жыл бою күн бүркөк болот. Жылдык жаан-чачыны түштүгүндө 250 мм, түштүк-батышында 500 мм. Туздуулугу түндүгүндө 32–33%, түштүк-батышында 35%га жакын. Суткасына 2 жолу ташкындайт (6,1 мге чейин). Деӊиздин түш.-батышы жыл бою тоӊбойт. Түндүк-батышы жана түндүк-чыгышында муз жыл бою жатат. Айрым жылуу жылдары деӊиздеги муз толугу менен эрийт. Балык (треска, сельдь, пикша, сайда, деӊиз окуну, камбала) кармалат. Транспорт үчүн чоӊ мааниге ээ. Негизги порттору: Мурманск (Россия), Вардё (Норвегия). Голландиялык деӊиз саякатчысы В. Баренцтин ысмынан аталган.
Б. Мудаева.