ВЕНГРИЯДАГЫ КОЗГОЛОӉ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:19, 22 Июль (Теке) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕНГРИЯДАГЫ КОЗГОЛОӉ 1956-жылы 23-октябрда өлкөдө экономикалык жана саясий реформаларды жүргүзүү талабын койгон массалык демонстрация менен башталган. Демонстрацияга чыккандар Венгрия аймагынан советтик аскерлерди чыгарып кетүүнү жана өкмөт башчылыгына Имре Надды кайра коюуну талап кылышкан. Демонстрациянын жүрүшүндө эл менен аскерлердин ортосунда кагылышуу башталган. Кийинки күнү Надь өкмөт башчысы болуп дайындалган жана ал реформаларды жүргүзүүнү колдоп чыгып, Венгриянын Варшава келишим уюмунан чыккандыгын жарыялаган. Ошол эле учурда Я. Кадар жетектеген компартиянын мүчөлөрүнүн бир бөлүгү советтик жетекчилик менен байланышып, И. Надды бийликтен алуу планын иштеп чыккан. 4-ноябрда Венгриянын аймагына советтик аскерлер киргизилип, Будапешт алынат. Бир нече миӊдеген венгрлер курман болгон, 200 миӊге жакыны эммиграцияга кеткен. И. Надь жана козголоӊдун башка жетекчилери жашыруун түрдө камакка алынып, өлтүрүлгөн.