ВЕРДИКТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 23 Июль (Теке) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРДИ́КТ (лат. veredictum – чыныгы, туура айтылган) – бир катар өлкөлөрдөгү жазык процессинде сот арачылар (суд присяжных) коллегиясынын коюлган маселелерге, анын ичинде негизги – соттолуучунун күнөөлүү же күнөөлүү эместиги тууралуу маселеге карата чечими (өкүмү). Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан жарандарга мыйзамда каралган учурларда жана тартипте сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укук берилген.
К. Эсенканов.