БАШКАРГЫЧ ТҮЗҮЛМӨ
БАШКАРГЫЧ ТҮЗҮЛМӨ, компьютердин бардык түзүлмөлөрүнүн иштөөсүн башкаруучу, текшерүүчү, байланыштыруучу жана башка функцияларды аткарат. Ал борбордук процессордо жайгашат. Башкаргыч түзүлмө машина цикли деп аталган 4 аракетти улам кайталап аткарат. Алар: тандоо, декоддоо, аткаруу жана сактоо.