БУЛЬДЕНЕЖ
БУЛЬДЕНЕ́Ж (фр. boule de neige – тоголок кар) – -өсүмдүктөрдүн шилбилер тукумуна кирүүчү калинанын бир түрү. Бийиктиги 3–4 метрге жетет. Гүлү аппак, шарга окшоп кооз болот. Апрелдин аягында гүлдөп, май – июнда гүлү күбүлөт. Жашылдандыруу максатында өстүрүлөт. Бульденеж нымдуу жана салкын жерде жакшы өсөт.