БЮСТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:33, 5 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЮСТ (фр. buste, лат. bustum – мүрзө үстүндөгү эстелик) – адамдын көөдөнүнөн жогору жагы тартылган жумуру скульптуралык портрет. Бюст алгач Байыркы Египетте жана Байыркы Грекияда пайда болуп, Байыркы Римде калыптанган. Россияда Ф. И. Шубин, С. И. Гальберг, советтик доордо Н. А. Андреев, В. И. Мухина, Н. В. Томский жана башкалардын Бюсттук чыгармалары белгилүү. Кыргызстанда Т. Садыков, О. М. Мануйлованын иштери көпчүлүккө таанымал.