ВЕРН
ВЕРН Жюль Габриэль (8.2.1828, Франция, Нант – 24.3.1905, Амьен) – француз жазуучусу, коомдук ишмер, илимий-фантастикалык роман жанрын баштоочулардын бири. Адабий чыгармачылыгын 1849-жылы пьеса жазуудан баштаган. Анын «Аба шарында өткөн беш жума» аттуу туӊгуч романы 1863-жылы жарык көргөн. Ал 65тен ашык илимий-фантастикалык, социалдык-сатиралык роман, повесть-аӊгемелерди, географиялык изилдөөлөрдүн тарыхы боюнча эмгектерди жазган. Анын чыгармалары таң калыштуу, жомоктогудай окуяларга бай. Жазуучунун «Суу асты менен 20 000 км» (1869–70), «Капитан Гранттын балдары» (1867–68), «Сырдуу арал» (1875) ж. б. чыгармалары кыргыз тилине да которулган. Айдын аркы бетиндеги кратер анын ысмынан аталат.