БӨКӨНБАЕВ Кулубек Жоомартович
БӨКӨНБАЕВ Кулубек Жоомартович (13. 1. 1940-жылы туулган, Фрунзе шаары) – илимпоз-геолог, эколог, геология-минералогия илимдеринин доктору (1993), профессор (2000). Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (1997). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиӊирген ишмери (1994), 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчи (2004). Москва геологиялык чалгындоо институтун (1963) бүткөн. Кыргыз геология Башкармасында инженер-геолог (1963–1965), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунда илимий кызматкер, лаборатория жетекчиси, институттун директорунун илим боюнча орун басары (1965–1995), Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министри (1995–1998), Тоолуу өлкөлөрдүн эл аралык маалымат-билим борборунун директору болуп иштеген (2002–2006). 2006-жылдан Тоолуу аймактын өнүгүүсү улуттук борборунун төрагасынын орун басары. 200дөй илимий иштери петрология, минералогия, геохимия, металлогения жана экологиялык геохимияга арналган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Эмг.: Эволюция магматизма Средней Азии (в соавторстве). М., 1986; Гранитоиды Тянь-Шаня: проблемы генезиса, роль в формировании континентальной коры, рудоносность // Каледониды Тянь-Шаня. 1987; Нравственный императив И. Канта в художественном прозрении Ч. Айтматова // Изв. АН Кирг. ССР, ¹ 3, 1989; Экологическая безопасность Кыргызстана (в соавторстве). Б., 1998; Экология, окружающая среда и безопастность Кыргызстана. Б., 2004.