ВЕРСАЛЬ-ВАШИНГТОН СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:47, 5 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕРСА́ЛЬ-ВАШИНГТО́Н СИСТЕМАСЫ – биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Париж ж-а Вашингтон конференцияларынын чечимдеринин негизинде калыптанган эл аралык мамилелер системасы. Версаль-Вашингтон системасына Версаль тынчтык келишими (1919) ж-а ага тыгыз байланыштуу болгон Сен-Жермен тынчтык келишими (1919), Нёйи тынчтык келишими (1919), Севр тынчтык келишими (1920), ошондой эле Вашингтон конференциясында (1921–22) кабыл алынган келишимдер ж. б. негиз болгон. Эл аралык мамилелердин Версаль-Вашингтон системасы биринчи жолу дүйнөдө коллективдүү коопсуздукту камсыз кылуу, элдерге өз тагдырын өзү чечүү укугун берүү, эл аралык мамилелердин бардык субъектилеринин теӊ укуктуулугун бекемдөө, ачык дипломатия жүргүзүү принциптерин түзүүгө аракеттенген. Аталган системада эл аралык конфликттерди жөнгө салуу б-ча өзгөчө роль Улуттар Лигасына таандык болгон. Бирок аталган принциптер ишке ашырылган эмес, согуштан кийин жеӊилген мамлекеттердин, алардын калкынын тагдырын чечүүдө Антанта өлкөлөрүнүн саясаты нааразылыктарды туудуруп, Европада ж-а Ыраакы Чыгышта мамлекеттердин ортосундагы жаӊы чыр-чатактардын келип чыгышын шарттаган. АКШ, СССР (Улуттар Лигасына 1934-жылы кирип, 1939-жылы кайра чыгарылган) ж-а Германия (1926-жылдан 1934-жылга чейин гана мүчө болгон) сыяктуу өлкөлөр алгач Улуттар Лигасына кирбей калган. Япония, Германия, Италия, кийинчерээк СССР сыяктуу өлкөлөр дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүүнү талап кыла башташкан. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы м-н Версаль-Вашингтон системасы толук кыйраган.