ВЕСТ-ИНДИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:05, 6 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕСТ-И́НДИЯ (West Indies – Батыш Индия) – Атлантика океанында, Түндүк ж-а Түштүк Америка материктеринин аралыгында жайгашкан аралдардын жалпы аты. Ага Багама, Чоӊ ж-а Кичи Антил, Тринидад, Тобаго ж. б. аралдар кирет; эӊ ириси – Куба аралы. Жалпы аянты 240 миӊ км2дей. Өтө тилмеленген тоолуу рельеф басымдуу. Тоолорунун бийиктиги 3175 мге чейин (Гаити аралында). Катуу жер титирөөлөр (Кубанын түзөӊ бөлүгүнөн башка) болуп турат, аракеттеги ж-а өчкөн жанар тоолор көп (Суфриер, Монталь-Пеле ж. б.). Марганец кенташ, хромит, курамында никель бар темир кенташ, табигый асфальт (Тринидад аралында), фосфорит (Аруба ж-а Кюрасао аралында) кендери бар. Ойдуӊдарга негизинен маданий өсүмдүктөр, тоолорго дайыма жашыл ж-а жайында көгөрүүчү токой (көбү кыйылган), саванна мүнөздүү. Калкы 42 млндон ашык (2009). Вест-Индиянын аралдарында Антигуа ж-а Барбуда, Аруба, Багама Аралдары, Барбадос, Гаити, Гренада, Доминика, Доминикан Республикасы, Куба, Сент-Винсент ж-а Гренадины, Сент-Китс ж-а Невис, Сент-Люсия, Тринидад ж-а Тобаго, Ямайка мамлекеттери, ошондой эле АКШнын, Улуу Британиянын, Нидерланддын, Франциянын ээликтери жайгашкан. Вест-Индия аралдарын Х. Колумб Индияга баруучу кыска деӊиз жолун издөө үчүн жасаган саякатында (1492–1502) ачкан. Европалыктар чыныгы Индияга баруучу деӊиз жолун ачканга чейин (16-кылымдын башы) Азиянын бир бөлүгү деп жаӊылыш эсептелген. Кийинчерээк Индиядан (Ост-Индия) айырмалаш үчүн Вест-Индия деп аталган.