ВЕСТЕРОЛЕН
ВЕ́СТЕРОЛЕН – Норвегия деӊизиндеги аралдар. Скандинавия жарым аралынын түндүк-батыш жээгине жакын. Норвегиянын аймагы. Жалпы аянты 2,4 миӊ км2. Фьорддор, аскалар (бийиктиги 1266 мге чейин) кездешет; чым көӊдүү, шалбаалуу жерлери бар. Жээктериндеги түздүктөрдө эл отурукташкан. Негизги порту – Харстад. Балык кармалат.