ВЕСТМИНСТЕР СТАТУТУ (1931)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:34, 6 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́СТМИНСТЕР СТАТУТУ (1931) – Британ империясынын доминиондоруна ички ж-а тышкы иштеринде өз алдынчалыкты берүү, метрополия м-н теӊ укуктуулугун бекемдөө тууралуу мыйзам. 1926-жылы ж-а 1930-жылы империялык конференцияларда Канада, Жаӊы Зеландия, Австралия Союзу, Түштүк-Африка Союзу, Эйре (Ирландия) ж-а Ньюфаунленд доминиондору Британ Шериктештигинин курамында толук өз алдынчалуулукту берүүнү талап кылышкан. Натыйжада парламент тарабынан жактырылган Вестминстер статуту кабыл алынып, ал боюнча ар бир доминиондун ички-тышкы иштерин өз алдынча жүргүзүү, чет өлкөлөр м-н дипломатиялык байланыштарды түзүү ж-а Улуттар Лигасына өз өкүлдөрүн жөнөтүү укугу берилген. Вестминстер статуту 1949-жылы толукталып, республикаларга (мисалы, Индияга) Британ Шериктештигине мүчө болууга мүмкүндүк берген.