ВЕНА КОНВЕНЦИЯСЫ (1961)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́НА КОНВЕНЦИЯСЫ (1961) – эл аралык дипл. байланыштар ж-а дипл. өкүлчүлүктөрдүн укуктук негиздери тууралуу конвенция. 1961-ж. 18-апрелде Вена ш-нда кабыл алынган. В. к. дипл. байланыштарды түзүү ж-а токтотуунун тартиби, дипл. өкүлчүлүктөрдү ачуу ж-а алардын функциялары тууралуу маселелерди жөнгө салат, конвенцияда дипл. өкүлчүлүктүн башчысы ж-а анын кызматкерлерин аккредитациялоо эрежеси, дипл. иммунитеттердин көлөмү ж-а артыкчылыктары аныкталган. Конвенция б-ча дипл. өкүлчүлүк жайгашкан имарат ж-а андагы кызматкерлер өз өлкөсүнүн гана мыйзамдарына баш ийишет. Жерг. мамлекет башчылары элчилик орун алган имаратка элчинин уруксаты м-н гана кирүүгө укугу бар. Азыркы учурда В. к-на дүйнөнүн 170тен ашык мамлекети мүчө.