ВАН ДЕЙК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:42, 6 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАН ДЕЙК Антонис (22.3.1599, Антверпен – 9.12.1641, Лондон) – фламанд живописчиси. 1615–1616-жылдары менчик өнөрканага ээ болуп, жаш сүрөтчүлөр менен бирге «Апостолдордун баштары» аттуу серияны жараткан. 1618–1620-жылддары П. П. Рубенске жардамчы болуп, андан чеберчиликти үйрөнгөн. Ван Дейк диний-мифологиялык темада «Ыйык Пётрдун жаза тартышы» (1615–1617-жылдар ченинде, Брюссель, Эски искусство музейи), «Юпитер менен Антиопа» (1617–1618-жылддары, Гент, көркөм искусство музейи) деген сүрөттөрдү тарткан. 1621-жылдан Италияда жашап, Рим, Венеция, Генуянын сүрөт өнөрү менен таанышкан. Анын чыгармачылыгында Генуяда тарткан портреттери маанилүү

А. Ван Дейк. «Карл I мергенчиликте».
1635. Лувр (Париж).

орун ээлейт. Рубенс мектебинин тажрыйбасы менен Венеция сүрөт өнөрүнүн алдыӊкы салттарын чебер айкалыштыра алган. Буга «Мадонна дель Розарио» (1624, Палермо), «Египетке барчу жолдогу эс алуу» (1620, Мюнхен) жана башка сүрөттөрү мисал. 1632-жылы Карл Iдин чакыруусу менен Англияга келип, ак сарай сүрөтчүсү болгон. Королдун көп сандаган портреттерин («Карл I мергенчиликте», 1635, Лувр, Париж), анын үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн («Карл Iнин балдары», 1637, Виндзор замогу) тарткан. Ван Дейк чыгармачылыгы портрет живописинин улуттук Англия мектебинин калыптанышына жана XVII–XIX кылымдардагы европа портрет искусствосуна чоӊ таасир эткен.

Живописчинин автопортрети
Антонис ван Дейк Король Карл Iдин портрети