ГЁТЕБОРГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:56, 7 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЁТЕБОРГ , Й е т е б о р г – Швециянын түштүк-батышындагы шаар. Гёта-Эльв дарыясы Каттегат кысыгына куйган жерде жайгашкан порт (жылына 25 млн т жүк ташылат). Гётеборг-Бохус ленинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 573,0 миӊ (2017), шаар айланасы м-н 700 миӊден ашык). Өлкөдөгү чоӊдугу боюнча 2-шаар. Швециянын Батыш Европага ж-а Атлантика океанына чыккан деӊиз дарбазасы. Кеме, автомобиль куруу, подшипниктер, нефть ажыратуу, нефтьхимия өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, чоӊ театр (1859), деӊиз, сүрөт, археология, этнография, тарых музейлери бар. 17-кылымдын башында негизделген. Собор (классицизм стилиндеги, 1802–15), форттор, ратуша (17–19-кылым), Ост-Индия компаниясынын имараты (1740-жыл чен) сакталган.