ГААГА КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1922)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:22, 7 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГААГА КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1922) — Генуя конференциясынын (1922) чечими боюнча 15-июндан 19-июлга чейин Гаага шаарында (Нидерланд) өткөн эл аралык финансы-экономикалык конференция. Ага Генуя конференциясына катышкан (Германиядан башка) 33 мамлекеттин өкүлдөрү чогулган. Конференция капиталисттик мамлекеттердин Совет өлкөсүнө койгон доолорун талкуулап, Советтик Россияга карыз берүү маселесин да карамак болгон. Бирок капиталисттик өлкөлөрдүн өкүлдөрү советтик делегациянын (башчысы М. М. Литвинов) эл аралык кызматташуу жөнүндөгү сунушун четке кагып, Советтик Россияга карыз берүүдөн баш тарткан.