ГАБИДУЛИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:42, 7 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАБИДУ́ЛИН Анатолий Константинович (25. 1. 1927-жылы туулган, Кемеров облусу, Анджеро-Судженск шаары) – генерал-майор. ЛКЖС БКнын Бүткүл союздук мектебин (1953), КПСС БКнын партиялык Жогорку

мектебин (1961), КМУнун экономика факультетин (1968) бүткөн. 1943–44-жылдары Таш-Көмүр кен башкармалыгында автогараж автослесары, 1944–48-жылдары Таш-Көмүр шаардык аскер комиссариатында бөлүктүн башчысы, 1948–51-жылы комсомолдун Таш-Көмүр шааркомунда бөлүм башчы, 1-секретарь, 1953–54-жылдары Кыргызстан ЛКЖС БКда бөлүм башчы, 1954–55-жылдары комсомолдун Көк-Жаӊгак шааркомунда 1-секретарь, 1955–57-жылдары Кыргызстан КП Октябрь райкомунда (Жалал-Абад облусу) секретарь, 1957–61-жылдары партиянын Жалал-Абад шааркомунда инструктор, 1961–62-жылдары партиянын Ош обкомунда бөлүм башчынын орун басары, 1962–63-жылдары партиянын Ленин райкомунда (Ош облусу) 2-секретарь, 1963–69-жылдары партиянын Ош обкомунда бөлүм башчы, 1969–71-жылдары Кыргызстан КП БКда бөлүм башчынын 1-орун басары, 1971–73-жылдары партиянын Калинин райкомунда 1-секретарь, 1973–74-жылдары Кыргызстан КП БКда бөлүм башчы, 1974–82-жылдары Кыргыз ССР Ички иштер министри, 1982–83-жылдары СССР ИИМде кадрлар башкармалыгынын башкы инспектору болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (10, 11, 12-чакырылыштары). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.