ГАВАР
ГАВА́Р – Сауд Арабиясындагы нефть-газдын ири кени. Перс булуӊу нефть-газ бассейнинин аймагында. 1948-жылы ачылган. 1,5–2 км тереӊдикте жайгашкан. Нефтинин алгачкы запасы 10,1 млрд т, газдыкы –1,01 млрд м3. Нефтинин тыгыздыгы 0,85 г/см3, S 1,66%ке чейин.