ГАДАМЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 8 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́ДАМЕР (Gadamer) Ханс-Георг (11.2.1900, Марбург – 13.3.2002, Гейдельберг) – немец философу, 20-кылымдын орто ченинде пайда болгон философиялык герменевтика (классикалык тексттерди ж-а андагы маӊыздык жагдайларды чечмелөө) теориясынын негиздөөчүсү. Тексттерди түшүнүүнүн методологиясын иштеп чыгуу м-н гана чектелген мурдагы герменевтикадан айырмаланып, философиялык герменевтикалык түшүнүү ж-а түшүндүрүү илиминин теориясы болуп саналат. Гадамердин негизги эмгеги «Акыйкат жана метод» (1960) Дильтейдин түшүнүүчү психология идеясына, Гуссерлдин «горизонт», «өмүр дүйнөсү» теориясына ж-а Хайдеггердин тил жөнүндөгү окуусуна таянуу м-н философиялык герменевтика концепциясын гуманитардык илимдердин методу катары гана эмес, кайсы бир даражада өзүнчө онтология катары да өнүктүргөн.