ГАЗ КУУРУ
ГАЗ КУУРУ, г а з т ү т ү г ү – күйүүчү газды кен ордунан же өндүрүштөн керектелүүчү жерге жеткирүүчү курулма. Газ өткөрүмдүүлүгү куурдун диаметрине жараша болот. Куурдун эӊ чоӊ диаметри 1420 мм (Россияда). Дүйнөдөгү магистралдык газ куурларынын жалпы узундугу 900 миӊ кмдей. Кыргызстандан Бухара–Чымкент–Тараз–Бишкек–Алматы Газ кууру өтөт, к. Газ жүргүч.