ГАЗ ПРИБОРУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:31, 8 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗ ПРИБОРУ — турак жайларды ж-а коомдук имараттарды жылытууда, тамак-аш бышыруу, суу ысытуу ж-а жасалма желдетүүдө пайдаланылуучу түзүлүш. Газ прибору газ күйгөндө бөлүнүп чыккан жылуулук энергиясы м-н иштейт. Ал газ келүүчү түтүктөн, газ күйгүчтөн, жылуулук алмаштыргычтан ж-а күйүүнүн калдыктарын сыртка чыгаруучу түзүлүштөн турат.Газ прибору үй тиричиликте (ашкана газ плиталары, суу ысыткычтар ж-а үй муздаткычтары), жылытуучу түзүлүштөр (газ м-н жылыткыч приборлор), ишканаларда ж-а коомдук ашканаларда (ресторан плиталары, тамак бышырылуучу казандар, суу ысыткычтар) колдонулуучу болуп бөлүнөт. Атмосфералык типтеги газ күйгүч кеӊири колдонулат. Мындай Газ приборунда газ 500 сымап мамычасынын миллиметри басымда соплодон чыгып, күйүү үчүн керектүү абаны (40—60%) атмосферадан соруп алып, аралашат. Аба аралашкан газ күйгөндө көк жашыл жалын чыгат. Жалын сары болсо, көмүр кычкылы көбөйүп, адамга зыян келтирет. Андай учурда белгилүү өлчөмдө ачылып-жабылуучу клапандын (же бураманын) жардамы м-н газ күйгүчтөгү абаны көбөйтүү зарыл.