ГАЗ ӨТКӨРҮМДҮҮЛҮК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:27, 8 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗ ӨТКӨРҮМДҮҮЛҮК – басым өзгөргөндө катуу заттын газ өткөрүү касиети. Катуу заттын түзүлүшүнө ж-а басымдын өзгөрүшүнө жараша ал диффузиялык агым, молекулалык эффузия ж-а ламинардык агым болуп бөлүнөт. Д и ф ф у з и я л ы к а г ы м көӊдөйсүз катуу заттын Газ өткөрүмдүүлүк мүмкүндүгүн аныктайт. Диаметри газ молекуласынын эркин жүрүү жолунун узундугунан кичине көӊдөйчө аркылуу газдын өтүшү молекулалык эффузия болот. Газдын эркин жүрүү жолунун узактыгынан катуу заттын көӊдөйчө диаметри чоӊ учурда л а м и н а р д ы к а г ы м ы байкалат.