ГАЗДАН САКТАНУУЧУ ЖАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:16, 8 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗДАН САКТАНУУЧУ ЖАЙ – кишилерди химиялык уу заттардын таасиринен сактоочу, атайын жылчыксыз жабдылган жай. Душман кыйратуучу каражаттарды колдонгон учурда өздүк коргонуу каражаты жок адамдарды узак мөөнөткө кармоо үчүн ыӊгайлаштырылып курулат. Ал чыпкалоочу, желдетүүчү, жылытуучу, жарык берүүчү приборлор, жатуучу жайлар (койкалар), суу м-н камсыз кылуу ж-а канализация системасы м-н жабдылат.