ГАЗДАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:25, 8 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗДАШТЫРУУ – 1) катуу же суюк күйүүчү отундарды аба, кычкылтек, суу буусу ж. б. м-н окистендирип, күйүүчү газга айландыруу (к. Отундарды газга айландыруу ж-а Газ өндүрүү). Газдаштыруу жер үстүндө (газ генераторунда) ж-а жер астында (көмүрдү, нефть катмарын жер алдында Газдаштыруу) жүргүзүлөт. Күйүүчү газдар мешти, казанды, тиричилик приборлорун ысытууда, ошондой эле ичинен күйүүчү кыймылдаткычтарда колдонулат. ХIХ кылымдын аягында ж-а ХХ кылымдын башында күйүүчү газдар жарык берүү үчүн пайдаланылган. 1836-жылы орус механиги Меркулов күйүүчү катуу отунду калдыксыз түрдө газга айландырган. Ал үчүн «от айлануучу мешти» сунуш кылган. Бул азыркы газ генераторунун алгачкы прототиби болуп саналат. 1888-жылы Д. И. Менделеев көмүрдү жер алдында Газдаштыруу идеясын сунуш кылган. Жаратылыш газдарын колдонуу ХIХ кылымдын экинчи жарымынан баштап жүргүзүлүүдө. 2) Күйүүчү газды эл чарбасынын ар кандай тармактарына берүүнү уюштуруу процесси. Газдаштыруу үчүн жаратылыш газы ж-а жасалма газ колдонулат. Газдаштыруу борбордук ж-а жергиликтүү болуп бөлүнөт. Борбордук – газ керектөөчүлөргө шаардык газ тармагынан бөлүштүрүлөт. Жергиликтүү – газ жергиликтүү курулмалардын же суюлтулган газ толтурулган сыйымдуулуктардын (цистерна, баллон) жардамы м-н жеткирилет. Жергиликтүү система тиричилик имараттарында, чакан шаар м-н шаарчалардын коммуналдык-тиричилик жактан тейлөө ишканаларында кеӊири колдонулат. Суюлтулган газ керектөөчүлөргө атайын түтүктөр, темир жол, автомобиль цистерналары ж-а баллондор м-н, ошондой эле суу жолу боюнча атайын газ ташуучу кемелер м-н ташылат. Газ ташуу үчүн узундугу жүздөгөн, миӊдеген кмге жеткен атайын магистралдык газ өткөрүүчү түтүктөр курулат. Газ өткөргүч түтүктөр андагы басымга жараша: жогорку (1 атмосферадан жогору), орто (1 атмосферага чейин), төмөнкү (0,02 атмосферага чейин) басымдагы болуп бөлүнөт. Шаардык газ тармактарынан алыс жайгашкан жашоо имараттарын жылытууда, ошондой эле кээ бир автомобилде чоӊ басым м-н толтурулган газ баллондор колдонулат. Газ м-н калкты нормалдуу ж-а ишенимдүү жабдуу үчүн ири шаарлардын жанына газды жер алдында сактагычтар курулат.