ГАЗДЫ ТАЗАЛОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:35, 9 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗДЫ ТАЗАЛОО – газдагы зыяндуу заттарды бөлүү. Кеӊири таралган булганыч газдарга SO2, азот оксиддери СО, углеводороддор, хлор, фтордуу бирикмелер (мис., HF ж. б.) кирет. Газды тазалоо механикалык, электрдик ж-а физикалык-химиялык жол м-н жүргүзүлөт. Механикалык тазалоо чаӊ аралашкан газды өтө чоӊ ылдамдыкта циклон аркылуу өткөрүү, чыпкалоо, булганыч газдарды атайын аппараттарда нымдоо м-н жүргүзүлөт. Электрдик тазалоодо электр чыпкасы колдонулат. Газга аралашкан чаӊ бөлүкчөлөрүнө электр заряды берилет. Заряддалган бөлүкчөлөр электр талаасынын таасири м-н карама-каршы заряддалган электроддордун бетине жабышат да газдардан бөлүнөт. Физикалык-химиялык методдо зыяндуу заттар абсорбентке (суюк), адсорбентке (катуу) сиӊирилет, катализатордун жардамы м-н да зыянсыздандырылат. Зыяндуу аралашмалар суюктукка айландырылып же диффузия процессинин жардамы м-н да тазаланат.