ГАЗНЕВИДДЕР ДИНАСТИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:59, 9 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗНЕВИДДЕР ДИНАСТИЯСЫ – Газневиддер мамлекетин (10–12-кылымдар) башкарган династия. 962-жылы Саманиддердин аскер башчысы Алп-Тегин тарабынан негизделген. Себук-Тегиндин ж-а анын уулу Махмуд Газневинин (998–1030) тушунда күч-кубаты артып, азыркы Афганистандын, Ирандын, Орто Азиянын, Индиянын бир катар аймактарын караткан. Масуд Iнин (1030–41) тушунда мамлекет ыдырай баштаган. 12-кылымдын 70–80-жылдарында Гуриддердин соккусуна дуушарланган. 1186-жылы Газневиддер мамлекети кыйрап, династия толук жоюлган, к. Газневиддер мамлекети.