ГАЙАНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:56, 12 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЙА́НА , Г а й а н а К о о п е р а ц и я Р е с п у б л и к а с ы – Түштүк Американын түндүк-чыгышындагы мамлекет. Батышынан ж-а түндүк-батышынан Венесуэла, түштүк-батышынан ж-а түштүгүнөн Бразилия, чыгышынан Суринам м-н чектешет. Түндүк-чыгышын Атлантика океаны чулгап жатат. Аянты 215 миӊ км2. Калкы 786,5


миӊ (2020). Мамл. тили – англис тили. Борбору – Жоржтаун ш. Административдик-аймактык жактан 10 регионго бөлүнөт. Акча бирдиги – Гайана доллары.



Таблица бар.


Администрациялык-аймактык бөлүнүшү

Гайана– БУУнун (1966), ЭВФтин (1966), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Америка мамлекеттеринин уюмунун (1991) ж. б-дын мүчөсү.
Гайана – унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамында. Конституциясы 1980-жылы 6-октябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук ассамблея. Саясий партиялары: Элдик прогресс партиясы, Элдик улуттук конгресс ж. б.
Өлкөнүн түндүк ж-а түндүк-чыгышын аккумуляциялык саздуу түздүк, борбордук бөлүгүн ж-а түштүгүн Гвиана бөксө тоосу ээлесе, борбордук бөлүгүнүн

Кайетур шаркыратмасы.

батыш жагы тоолуу (Паурайма кырка тоосу, эӊ бийик жери – Рорайма – 2772 м; Аянганна – 2042 м). Аймагынын басымдуу бөлүгүн нымдуу, дайыма жашыл токой ээлейт. Түндүк-чыгышында ж-а түштүк-батышында саванна кездешет. Климаты субэкватордук, ысык ж-а нымдуу. Айлык орточо температурасы 26°Сден 28°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 2000–2500 мм. Ири дарыялары: Эссекибо, Демерара, Бербис ж-а Корантайн. Потаро дарыясында Кайетур шаркыратмасы (бийиктиги 225 м) бар. Жаныбарлар дүйнөсү ар кыл; токойлорун ягуар, пума, маймыл; саванна: антилопа, чопкутчандар мекендейт. Гайанада коргоого алынган 3 табигый аймак (аянты 486 миӊ га) бар; а. и. Кайетур улуттук паркы уюшулган.
Калкынын 99%ин гайаналыктар (африкалык гайаналыктар) түзөт. Ошондой эле индейлер, негрлер, метистер да жашайт. Протестант, католик, ислам (мусулман сунниттер), индуизм диндерин тутат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 3,6 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 63, аялдарыныкы – 68,3 жаш. Шаар калкы 38,5%. Ири шаарлары: Жоржтаун, Линден, Нью-Амстердам, Корривертон.
Байыркы мезгилдерден Гайананын аймагын индей уруулары (карибдер) жердеген. Алардын аз сандагы тукумдары азыркы күндө Гайананын түштүгүндөгү токойлордо жашашат. 16-кылымдын аягында Гайананын азыркы аймагын голландиялыктар, 1814-жылы Улуу Британия басып алып колонияга айландырган (1831-жылдан Британ Гвианасы). 1834-жылы өлкөдө кулчулук жоюлган. 1928-жылы Британ Гвианасында Конституция киргизилип, Мыйзам чыгаруу Кеӊеши түзүлгөн. 20-кылымда өзгөчө экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында, Британ Гвианасына америкалык ж-а канадалык капитал кеӊири кирген. Согуштан кийин улуттук-боштондук кыймылын жетектеген саясий партиялар Улуу Британия өкмөтүнөн көз каранды эместикти берүүнү талап кылган. 1953-жылы Британ Гвианасынын жаӊы конституциясы кабыл алынган ж-а жергиликтүү өкмөт түзүлгөн.

1966-жылы Британ Гвианасы көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланып, Гайана деп аталган. 1970-жылдан Гайана Кооперация Республикасы. 20-кылымдын 80-жылдары Гайана «кооперациялык социализмди» курууга багыт алган. 1985-жылы президент болуп шайланган Х. Д. Хойт менчиктештирүүнү баштаган. 1992-жылы президентикке Ч. Б. Жаган шайланган. 2001, 2004-жылдары президент шайлоодо Б. Жагдео жеӊип чыккан. Учурда өлкөдө ЭВФ тарабынан иштелип чыккан экономикалык реформалар программасы жүзөгө ашырылууда.
Экономикасынын негизин – айыл чарбасы ж-а тоо-кен казуу (боксит) түзөт. ИДПнин көлөмү 3 млрд

Жоржтаун деӊиз порту.

доллар (АКШ). Аны киши башына бөлүштүргөндө 3900 доллардан (2005) туура келет. ИДПдеги айыл, токой ж-а балык чарбаларынын үлүшү 36,8%, тейлөө чөйрөсүнүкү 43%, өнөр жайыныкы 20,2%. Аймагынын 4% гана иштетилет. Калган бөлүгүн жайыт, чабынды (15%), токой (8%) ээлейт. Бал камыш, шалы, кокос жаӊгагы (2005-ж. 6 миӊ т жыйналган), кофе, какао, цитрус өсүмдүктөрү, копра, ананас, сизаль, тамеки, жашылча-жемиш өстүрүлөт. Кен байлыктарынан алтын, алмаз, жез, марганец, темир кени казылып алынат. 2005-жылы 782 млн кВт . с электр энергиясы өндүрүлгөн. Жыгач даярдалат. Креветка, балык, омар кармалат. Иштетүүчү өнөр жайы начар өнүккөн, негизинен чарбасы айыл чарба продуктуларын даярдоого адистешкен. Глинозём, кант, ром, тамеки өндүрүшү иштейт. Темир жолунун узундугу 187 км, автомобилдики 8 миӊ км (анын ичинен 590 км асфальтталган; 2005). Деӊиз соода флотунун тоннажы 13,5 миӊ т дедвейт. Сыртка кант, боксит, алюминий, күрүч, алтын, ром, токой материалдары, деӊиз продуктулары чыгарылат. Сырттан минералдык отун, майлоочу материалдар, машина ж-а анын жабдууларын, өнөр жай ж-а күнүмдүк керектелүүчү товарларды алат. Негизги соода шериктештери: АКШ, Канада, Улуу Британия, Тринидад ж-а Тобаго, Италия, Франция, Япония, Бельгия, Португалия.
Билим берүүсү 6 жаштан 14 жашка чейин милдеттүү түрдө киргизилген, бирок акы төлөп окушат. Өлкөдө ЖОЖдор, илимий-изилдөө институттары, музейлер, улуттук китепкана, медициналык илимий китепкана ж. б. бар. 2005-жылы 37 гезит ж-а журналдар чыккан. Радиоуктуруусу 1950-жылдан баштап иштейт. Бир нече радиостанциялары ж-а телеберүүлөрү бар. Адабияты англис тилинде. Архитектурасында жергиликтүү чеберлердин чыгармалары сакталган.

Гайана акчасы.

Ад.: Гайана: выбор пути. М., 1989; Гайана // Большая Российская Энциклопедия. Т. 6. М., 2006.