ГАЙДАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:02, 12 Август (Баш оона) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЙДА́Й Леонид Иович (30.1.1923, Амур губерниясы, Свободный шаары – 19.11.1993, Москва) – орус кинорежиссёру, СССР эл артисти (1989). Иркутск облустук драма театрынын студиясын (1947) ж-а ВГИКти (1955) бүтүргөндөн «Мосфильмде», коюучу-режиссёр. Гайдай негизинен сатиралык кинокомедия жанрында иштеген. 1958-жылы «Тиги дүйнөдөн

«Ы» операциясы жана Шуриктин жоруктары» фильминен кадр. Режиссёру Л. Гайдай. Актёрлор Г. Вицин, Е. Моргунов, Ю. Никулин. 1965.

келген күйөө» кинопамфлетин, советтик кинематографиянын «Дөбөт Барбос жана өзгөчө кросс» (1961) ж-а «Самогончулар» (1962) ж. б. белгилүү фильмдерин Ю. В. Никулин, Г. М. Вицин, Е. А. Моргуновду чогуу катыштырып тарткан. Фильмдеринде адаттан тышкары миниатюралар-трюктардын, пантомиманын, пародиялардын элементтерин пайдаланган. «Ы» операциясы жана Шуриктин жоруктары» (1965), «Кавказ туткуну же Шуриктин кийинки жоруктары» (1967) Краковдогу дүйнөлүк кинофестивалда сыйлыкка ээ болгон. «Жакут кол» (1969), «12 орундук» (1971), «Иван Васильевич кесибин өзгөртөт» (1973), «Ширеӊке издеп» (1980, СССР – Финляндия), «Спортлото-82» (1982) фильмдеринде комедия жанрын өзгөчө изденүү менен уланткан. Гайдайдын белгилүү кинокомедиялары: «Үч жолу тирилген» (1960), «Мүмкүн эмес!» (1975), «Өмүргө коркунучтуу» (1985), «Дерибасовскиде аба ырайы жакшы же
Брайтон-бичте дагы эле жаан» (1992, АКШ м-н бирге). Гайдай – өз фильмдеринин сценарийинин автору же авторлош болгон. РСФСР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). Иркутскидеги Россия киноборборуна ысмы берилген.